Эл кайда көчөт

Википедия дан

Эл кайда көчөт, кокцинеллид (Cocinellidae) - жырткыч коңуздар тукуму. Уз. 2-12 мм денеси тегерек, томпок же сүйрү формада.

Канаттары кызыл, сары кара же күрөң түстө; 2-7 кара тактары (чекиттери) болот. Дүйнөдө 2 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 80, Кыргызстанда 50 түрү белгилүү. Дарак кабыгынын астында, коңулдарда, жалбырак астында, кээде имарат жаракасында кыштайт. Ургаачысы жумурткасын (100дөн 1500гө чейинки) өеүмдүккө топтоштуруп же бирден таштайт. Жылына 1-3 жолу тукумдайт. Эл кайда көчөт өсүмдүк биттерин, кокциддерди, жалбырак бүргөсүн, желелүү кене ж. б. курт-кумурскалар менен азыктанып пайдалуу болсо, айрымдары (бакча Эл кайда көчөт) өсүмдүк менен азыктанып, картөшкө ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Жырткыч Эл кайда көчөт зыяндуу курт-кумурскаларга каршы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4